09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков УКМКда сурак берип жатат

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков УКМКда сурак берип жатат.

Ал бүгүн УКМК күбө катары чакырылган. Маалыматка караганда, тергөөчүлөр мурдакы өкмөт башчысын Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоонун жыйынтыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суроодо.

Сапар Исаков саат 15.00дөн кечикпей келип, УКМКнын имаратына кирип кетти. Ал журналисттерге сурактан кийин маалымат берүүнү убадалады.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар