08:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

УКМК Сапар Исаковду суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-премьер-министр Сапар Исаковду суракка чакырды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыккан.

Чакыруу кагазында бүгүн, саат 15.00гө УКМКнын № 232-иш бөлмөсүнө келүүсү керек экени көрсөтүлгөн. Ал күбө катары сурак бере турганы маалымдалган. Бирок Исаковдун кайсыл иш боюнча сурак бере турганы тууралуу маалыматы жок.

Эскерте кетсек, Раим-миллионер деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко бергени бүгүн белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар