06:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖОЖдор бүтүрүүчүлөргө дипломун дагы акча берип калды — дейт депутат

Кыргызстанда билим берүү мекемелеринен диплом алуу жаатында кыйынчылыктар жаралууда. Мындай пикирин парламенттин жалпы жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт муну иликтеп чыгып, тезинен тийиштүү чараларды көрүшү керек.

«Коррупциялык жосундардан улам болуп жатканы жашыруун эмес. Мисалы, сынактар 1-июнда аяктаса, бүтүрүүчүлөрдү 1-июлда диплом аласыӊар деп коюшат экен. Алар диплому жок жогорку окуу жайларына качан тапшырат же жумушка качан орношот? Жок, дипломду башкача жолдор аркылуу эртелетип алса деле болот экен. Ал үчүн бирөөгө акча берүүгө туура келет. Билим берүү мекемелериндеги мындай коррупциялык жосундарды жоюу керек», — деди Экмат Байбакпаев.

Эң көп окулган жаңылыктар