14:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Имамдардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу аракети көрүлүүдө

Баткенде имамдардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук хатибиятынын демилгеси менен 25 имам 3 айлык компьютердик курска киришип, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн арттырышууда.

«Учурда окуу курсунун башталгандыгына бир жума болду. Имамдарыбыз өтө кызыгуу менен окушуп, бардык программаларды үйрөнүүгө арекет кылып жатышат. Бул окуу курсу Кадамжай райондук хатибияты жана «Ансар тайп» менен биргеликте уюштурулуп жатат",-деп билдирди хатибияттан.

Эң көп окулган жаңылыктар