08:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өткүрбек Жамшитов баш прокурордун айлыгы жана Жолдубаева токтоткон иштер боюнча

Башкы прокурорлук кызматка сунушталган Өткүрбек Жамшитов мурдакы башкы прокурорлор токтоткон иштерди кайра карап чыгат. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйында билдирди.

Ал президенттин 9-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сын пикиринин негизинде иш жүргүзөрүн белгиледи.

«Токтотулган иштерди кайра карап чыгуу керек. Андан тышкары прокуратуранын иштөө жолун жана прокурорлук ыйгарым укуктарды колдонуу чегин карап чыгуу зарыл» — деп, дайым мыйзамдуулук тарапта болууну убадалады.

Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, башкы прокурорлук орунда ал 30 миң сомдой айлык алат.

Депуттар Өткүрбек Жамшитовдун ысмы ызы-чуулу иштерге аралашпагандыгын жана жаш курагы туура келгендигин белгилешти.

Башкы прокурорлукка талапкерди президент Сооронбай Жээнбеков сунуштады. Мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 11-апрелде парламент өлкө башчысынын көрсөтмөсү менен иштен алган.

Өткүрбек Жамшитов 42 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген. 

Эң көп окулган жаңылыктар