06:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаров жаңы башкы прокурорду эмгек жамаатына тааныштырды

Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи.

«Акыйкаттык болбогон өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт, андыктан сиз ушул маанилүү иште мамлекеттин таянычы болушуңуз керек. Мамлекеттин негиздери өзгөрүүсүз калууга тийиш», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров, Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кайрылып жатып.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин талапкерлиги башкы прокурор кызмат ордуна жактырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума