Президент Садыр Жапаров Улан Айтбаевди башкы прокурордун орун басары кызматтынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен анын ордуна Нурбек Каимов дайындалды. Ал 45 жашта. Бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын транспорт прокурору болуп иштеген.