09:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Прокуратурада уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар бир кызматкер иштен алынды

Прокуратура органдарынан Ош гарнизонунун тергөөчүсү иштен алынды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кызматкер кайнатасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгондуктан жумуштан четтетилген.

Башкы прокурор 2023-жылы прокуратуранын алты кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады. 10дон ашык адам иштен алынып, 501 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимов менен байланышы үчүн 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар