21:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

10-20 жылдык өткөрүүгө каршы чыккан имамга эскертүү берилди

Классташтардын жолугушууларын өткөрүүгө каршы чыккан имам Бахтыяр Шараповго Бишкек шаарынын казысы эскертүү берди. Бул тууралуу казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов билдирди.

18-апрелде «YouTube» порталында классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу тараган. Аны Бишкектин Киркомстром конушундагы «Хайл-Хижра» мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов сүйлөгөнүн Интернеттеги сайттар жазышкан.

«Ауидо жазуу Интернетке чыгары менен Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажидов имамга телефон чалып, мындай чакырык таштоо туура эмес экенин катуу эскертти. Имам экинчи мындай кылбаганга убада берди», — дейт Толкунбек Жуманов.

Казыят өкүлү имамдын сөздөрү анын жеке пикири экенин, башкалардын көз карашын чагылдырбай турганын кошумчалады. Бахтыяр Шарапов маалымдоо каражаттарына беген комментарийинде бул сөз эки апта мурун мечитте айтылганын тастыктады. Ибадатка келгендердин бири ушул темада суроо узаткандыктан, чакырык иретинде эмес, жопо иретинде айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар