15:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Парламент өкмөт башчылыгына талапкерлерди талкуулоодо

Өкмөт башчылыкка талапкерлер катары Иса Өмүркулов менен Мухаммедкалый Абулгазиевдин ысымдары айтылууда. Бул тууралуу КСДПнын депутаты Кожобек Рыспаев журналисттерге билдирди.

Кожобек Рыспаев парламенттик коалициянын чечимин колдогон.

«Өкмөттүн ишинде көп каталар кетти. Эң чоң ката кыш мезгилинде Бишкек жылуулук электр борборунда катталган авария болду», — деди ал.

«Учурда премьер-министрликке көп кишинин аты аталып жатат. Алардын арасында Иса Өмүркулов, Акылбек Жапаров жана Мухаммедкалый Абулгазиев бар. Мунун бардыгы татыктуу талапкерлер, бирок мен Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин колдойм», — деди Кожобек Рыспаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби