18:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Балтика деңизинде аскер тик учагы кыйрады

Балтика флотунун маалымат кызматы бейшемби күнү кечинде Балтика деңизинде Ка-29 транспорттук-аскер тик учагы кыйраганын тастыктады. Тик учакты сыноодон өткөрүп жүргөн эки учкуч мерт болду.

«2018-жылдын 12-апрелинде Балтика деңизинин акваториясында сыноо учуулары өтүп жаткан маалда Ка-29 тик учагы кыйрады. Тик учакты жасаган ишкананын эки учкучу тең набыт болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Учуу маалында катаал аба ырайы катталган эмес.

Кыйроо болгон жерде издөө иштери жүрүүдө, эл аралык деңиз куткаруу кызматтарындагы булак билдиргендей, жума күнү эки учкучтун биринин денеси табылды.

Ка-29 тик учагы 1980-жылдары Н. И. Камов атындагы конструктордук бюросу тарабынан иштелип чыккан. Ал кемелер үчүн деңиз аскерлер бөлүктөрүн жана жүктөрдү ташууга, ок атууда колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар