10:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Парламент кыйноолорду алдын-алуу улуттук борборунун ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанда кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2016-жыл үчүн баяндамасы угулду.

Аталган борбордун директору Нурдин Сулаймановдун маалыматы боюнча, 2016-жылга карата кыйноолор боюнча 209 билдирүү келип түшкөн. Ал эми прокуратура органдарына кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле боюнча 435 арыз түшкөн. Арыздардын негизинде ички иштер органдарынын ыкчам кызматкерлери жана ИИОнун убактылуу кармоочу изоляторлорунун кызматкерлери күнөөлөнгөн арыздарга карата 9 кылмыш иши козголгон.

Кыйноолор боюнча билдирүүлөрдүн 179у превентивдүү текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынса, 18 билдирүү кыйноолордун курмандыктарынын адвокаттары тарабынан, аталган улуттук борбордун «Түз линиясынын» телефону аркылуу 4 билдирүү түшкөн.

Бир катар эл өкүлдөрү сөз болуп жаткан борбор кыйноолор боюнча статистикалык маалыматтар менен алектенерин айтып, мындай мекеменин кереги барбы же жокпу деген маселени коюшту. Себеби кыйноолор боюнча жагдайларды кайра каратып чыгууга аталган борбордун мандаты жетишсиз экени, болгону келип түшкөн билдирүүлөрдү карап чыгууну бир катар органдарга сунуштоо менен гана чектелери белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар