00:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Премьер-министр Сапар Исаков Айбек Калиевди иштен алуу сунушун берди

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук-электр борборундагы авариянын келип чыгуусун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан соң, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди жана «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаевди иштен кетирүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Исаковдун айтымында, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчилиги Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана анда катталган кырдаал тууралуу коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү чара көргөн эмес.

«Ишкананын жетекчиси катары Айбек Калиев күзгү жана кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү маселесине жооптуу жана аны иштен алууну чечтим. Мен мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп жаткам. Жыйынтыгында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчилиги депутаттарга жана коомчулукка ЖЭБди модернизациялоонун негизги темаларын толук кандуу түшүндүрө албаганы маалым болду», деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума