10:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сентябрдан тартып 56 мектепке дин таануу сабактары киргизилет

2018-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстандын 56 мектебине «Диний маданияттын негиздери» сабагы киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, диний маселелер боюнча координациялык кеңештин отурумунда Мамлекеттик дин комиссиясынын бөлүм башчысы Гүлназ Исаева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 10 мектеп үчүн пилоттук долбоор ишке кирген.

«Учурда мугалимдер үчүн окуу китептери даярдалып жатат. Ошондой эле диний маданияттын негиздери боюнча мугалимдер окуудан өтөт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар