21:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дастан Бекешев транспорт инспекциясын жоюуну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев транспорт инспекциясын жоюуну сунуштады. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, транспорт инспекциясы айдоочулардан акча чогултканды гана билет. Апта башында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын иш таштоосу дагы муну менен байланыштуу.

«Жаккында эле иш таштоого чыккан микроавтобус айдоочуларын бир чети түшүнсө болот. Инспекциянын кызматкерлери алардан бекер акча алуунун кынуусун алып калышыптыр. Ошондуктан аны жоюу зарыл», — деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар