03:29
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

2017- жылы мамлекеттик мекемелер 10 миллиард 686 млн сом атайын каражат тапкан

Жогорку Кеңеште «Салыкты эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

«Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт», — дейт ал.

Министрдин айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелерден атайын каражаттар түрүндө 10 миллиард 686 миллион сом түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар