05:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Асылбек Жээнбеков КСДП съездинин делегаттарынын тизмесинен чыгарылды

Мамлекет башчынын бир тууганы Асылбек Жээнбековго КСДПнын съездине катышуу үчүн чакыруу жөнөтүлгөн жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине парламенттеги булактар билдирди.

Партиянын шатбы дагы маалыматты тастыктады. Буга чейин республика боюнча партиялык райондук конференциялар өтүп, съезддин делегаттары аныкталган.

Андан тышкары жыйынга социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат Жанар Акаев жана Искендер Матраимов катышпайт. Ошондой эле экс-депутат Мээрбек Мискенбаев дагы тизмеден чыгарылган.

Эскерте кетсек, Эртең, 31- мартта Кыргызстан социал- демократтар партиясы жыйынга чогулат. Маалыматка ылайык, съезд жабык эшик артында өтүп, түштө маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жыйын берет.

Чогулушта партиянын төрагасын шайлоо башкы маселе катары каралат. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жалгыз талапкер болууда. Андан тышкары партиянын акыркы жылдардагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылат. Съезддин кайда өтө тургандыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Эң көп окулган жаңылыктар