15:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

3 ай бою транспорт каражаттарын кайра каттоо жеңилдетилген негизде жүрөт

2-апрелден 2-июлга чейин транспорттук каражаттардын мамлекеттик кайра каттоосу жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

«Таза Коом» санариптик программасын жана «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды кайра каттоо үчүн шарттарды түзүү негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүүсү тапшырылды.

Маалым болгондой, иш жүзүндө транспорттук каражаттарды сатууда, сатып алууда жана алмаштырууда көптөгөн жарандар жаңы ээсине каттабай, ишеним кат менен гана чектелишет. Муну менен транспорт каражаты ишеним катты берген жаранда расмий түрдө кала берет.

Статистика боюнча транспорт каражаттарын сатуу жана сатып алуудагы келишимдердин жарымынан көбү кызыктар жаранга мындан ары колдонуу жана сатып алуучудан акча каражатын алуу максатында ишеним кат берилип келет. Учурда сатуу жана сатып алуу келишиминин расмий каттоонун баасы ишеним катын берүүдөгү баадан бир нече ирет жогору.

Мамлекеттик каттоо кызматында тийиштүү каттоосу жок, ишеним кат берүүнүн негизинде сатып алуу же сатуу келишим түзүлсө «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү менен жол кыймыл эрежелерин бузуудагы айыппулдар автотранспорттук каражаттын ээсинин атына келе баштайт.

Ошондуктан өкмөт бардык авто сүйүүчүлөрдөн транспортту жеңилдетилген кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, автоунааны өзүнө каттатып алууну суранат. Бул келечекте айыппулдарды алуудагы түшүнбөстүктөрдү алдын алууга жардам берет.

Ошол эле учурда мамлекеттик транспорттук каражаттарды кайра каттоодо алынуучу 0,1 пайыздык төлөмдөн бир катар автотранспорттук каражаттар бошотулат, толук маалымат менен Мамлекеттик каттоо кызматынын курамдык бөлүмдөрүнөн таанышууга болот.

Ошондой эле транспорттук каражаттарды мамлекеттик кайра каттоодо колдонулган мамлекеттик каттоо белгилеринин берилиши, алардын ордунда болсо, акысыз түрдө ишке ашырыларын белгилеп кетүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар