18:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын программа иштелип чыгат

Зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын программа иштелип чыгат. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-жылы ажылык сапарга баруучуларды автоматтык идентификациялоону (RFID) жана алардын географиялык жайгашуу ордун аныктоону колдонуу үчүн (Google Maps)тын жардамы менен мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча IT-программисттердин жана ошол тармакта иштеген юридикалык жактардын ортосунда конкурс жарыялаган. Анда Мамлекеттик байланыш комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасын жеңүүчү деп табышты.

Мындан ары конкурстун жеңүүчүсү «Инфо-Система» ишканасы ажылар үчүн RFID жана Google Mapsтын жардамы менен мобилдик тиркемени иштеп чыгышмакчы.

«Бул программанын жардамы менен ар бир ажынын Бишкек-Мекке-Медина багыттары боюнча учуусун, кайсыл мейманканага жайгашкандыгын, автобустарга толук түшкөндүгү жана Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө жеткендиги боюнча маалыматтар башкы базага келип, анын негизинде штаб тарабынан көзөмөлдөрүп турмакчы. Ошондой эле ажылардын зыярат учурунда адашып кетүүсүн алдын алып, ар бир уюлдук телефонго адашып кеткендиги боюнча маалыматты жиберүүчү атайын программалар даярдалмакчы» — дейт муфтият.

Эң көп окулган жаңылыктар