23:20
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

2023-жылга чейин аймактар таза суу менен камсыз болот

2023-жылга чейин аймактар таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн суу долбоорлору боюнча отурумда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Адбиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан элин таза суу менен камсыз кылуу башкы маселе. Бул багытта 2016-2017-жылдары макулдашууларды ратификациялоо процедуралары жүргүзүлгөн. быйыл долбоор ишке ашырыла баштат жана 2023-жылы аяктап калат.

"Инвестиция тартуу биздин иш болсо, аны ишке ашыруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иши. Бирок шаар мэрлери жана акимдер айрым нерселерди түшүнбөй жатат",- дейт Бактыбек Абдиев.

Кыргызстанда 1 миң 860 калктуу пункт болсо, анын 430у таза суу менен камсыз болгон эмес.

Бактыбек Абдиевдин айтымында, аталган көйгөй өлкөнүн бардык аймактарында бар. Бирок Баткен, Ош жана Нарын облустарында басымдуулук кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби