06:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Медреселерди мамлекеттик билим берүү мекемелерине теңөө туурабы?

Кыргызстанда 114 диний билим берген мекеме бар. Алардын бири Ислам университети, дагы сегиз институт жана калганы медресе. Мусулман дин башкармалыгы баардык окуу жайларга күбөлүк ыйгарып, расмий каттоодон өткөрүүнү суранат.

Муфтияттын айтымында, медресе жана башка диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү өз билимин ырастай албай жатышат.

Айрым маалыматтарга караганда, ислам дини боюнча билим берген жайларында окуган балдардын саны 10 миңден ашат. 2017 жылы өлкөдө 7 медресе жабылып, 23ү эскертүү алган. Ош облусундагы 7 медресенин шарты жана билим берүү программасы мыкты деп табылган. 

Фото Акимжан Эргешов
Акимжан Эргешов, муфтияттын өкүлү:

— Медреселерде баардык сабактар окутулат. Алардын билим берүү деңгээли дагы талапка жооп берет. Мисалы, менин өзүмдүн окуучуларымдын экөө Юридикалык академияны аяктап, ал жерде иштеп жатышат. Медициналык академияда жана башка окуу жайларда сабак бергендер бар.

Балдардын төрт жылдык эмгеги текке кетип, билимин таксыктаган документке ээ болбой жатышат.

 

Фото Зайырбек Эргешов
Зайырбек Эргешов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору:

— Азыр билим берүү жаатында жаштарга туура багыт көрсөтүү керек. Диний билим берүү жаштардын радикалдашуудан сактайт. Айрыкча, азыркы дүйнөлүк кырдаалды эске алсак бул маанилүү. Анткени, радикалдашуу азыр күч колдонуучу экстремизмге ооп баратат.

2006-жылы он мектепке диндин тарыхы боюнча сабак киргизилген. 2016-жылы 16 мектепке киргиздик. Жаңы окуу жылынан баардык мектептерде окутула баштайт деген ойдобуз.

Закир Чотаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары:

— Мамлекет диний окуу жайларды колдоп, көмөк көрсөтпөйт. Бул Билим берүү министрлигинин азыркы көз-карашы. Бизде мамлекеттик күбөлүкк ээ төрт теология факультети бар. Ишеналы Арабаев университетинин алдында теологиялык коллеж иштейт. Бирок, андагы билим берүү динийге караганда көбүнчө светтик. Себеби светтик сабактар көптүк кылат. Негизи баардык диний мекемелер Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана адабиятын окутуш керек.

Ал эми медреселер Билим берүү министрлигинин талабына жооп берген коллеждин, же ЖОЖдун деңгээлине жеткенде гана күбөлүк ала тургандай жобо киргизсек болот.

Нурлан Исмаилов, эксперт:

— Диний билим берүү мекемелерине мамлекеттик күбөлүк ыйгаруунун зарылчылдыгы жок. Анда мамлекет менен диндин ортосундагы ажырым жоголот. Бул диний мекемелерге мыйзамдашууга жана бийликке умтулууга жол ачышы мүмкүн.

Негизи азыркы медреселердин бүтүрүүчүлөрү дагы айылга барышпайт. Медреселердин саны көп болгону менен мечиттерде билимдүү имамдар жетишпейт. Тракторист, же дагы башка дин тууралы билими аздар мечитти башкарат. Алардын насааты үч мүнөткө гана жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар