USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бишкек тургунунун унаасын алдап алып, сатып жиберген жаран кармалды

14:38, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек тургунунун унаасын алдап алып, сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, 2017-жылы «М» аттуу жаран кичи райондордун биринен жабырлануучуга таандык «Форд-Фокус» үлгүсүндөгү автоунааны, башка бирөөгө сатып жибергенин билдирип, ага карата тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Жабырлануучу 2 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү зыянга дуушар болгон.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалган.


Сот тарабынан кармалган жаранга карата Кыргызстандан чыкпоо баш коргоо чарасы көрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика