Караколдо 32 жаштагы Петр Алексеенко милиция кызматкери аны кыйноого алганын айтып арызданды. Бул тууралуу «Вентус» коомдук бирикмеси билдирди.
Facebook социалдык түйүнүнө Каракол шаардык ИИБнын кызматкерлери 15-март күнү аны сабагандыгы тууралуу видео тараган.
«Газдан коргонуучу шлем менен сабашты. Жасабаган уурулукту мойнума алдыруу аракетин көрүштү. Биздин айтканыбызга көнсөң, сени кое беребиз дешти», — дейт Петр Алексеенко.
Жабырлануучунун энеси Галина Алексееванын айтымында, уулу экинчи топтогу майып. Ага карабай аны камакка алышкан.
«15-мартта эки белгисиз адам эшикти талкалап кирип келип, уулумду Ысык-Көл облустук ИИБга алып кетишти. Кийинки күнү Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү барып, уулумдан арыз жаздырышты. Арызды уук коргоочулар менен бирге Ысык-Көл облустук прокуратурасына бердик. Прокурордун орун басары
Шатенов уулума жардам берүүнү убада кылган, бирок эч нерсе кылган жок. Укук коргоочу Камиль Рузиев убактылуу кармоочу жайга тез жардам чакырды. Дарыгерлер уулумду текшерип, жардам көрсөткөн соң протокол түзүштү», — деди Галина Алексеева.