22:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Талаптар төмөн болсо дагы Бишкектин мектептери аккредитациядан араң өттү

"Министрлик тарабынан коюлган талаптар төмөн болсо дагы Бишкектин мектептери аккредитациядан араң өттү. Бул тууралуу бүгүн, Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча доклады учурунда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы билим берүү мекемелерин аккредитациялоо системасы мыйзамдаштырылган. Ага ылайык, эгерде жетишкендик 40 пайыздан жогору болсо мектеп аккредитациядан өтө турганы белгиленген. Алгач Бишкектин мектептери текшерилген. Бирок бул талап айрым мектептерге кыйынчылык жараткан.

"Бишкектин мектептеринде бир топ олуттуу маселелер бар экени аныкталды. Аккредитация табигый-математикалык илимдер боюнча окуучулардын билими жетишсиз экенин көрсөттү",- деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар