05:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түрмөдө оозун тигип салган киши ачкачылыкты токтотту

№ 3- абакта оозун шприцтин ийнеси менен тигип салган киши ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик жаза өтөө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Рустам Б. уурулук жана каракчылык беренелери боюнча 2016-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал буга чейин дагы оозун тигип салган.

«Жаран оозун эмне себептен тиккени белгисиз. Бул тууралуу өзү так түшүндүрмө бере алган жок. Болгону жазасын өтөөдөн тажаганын айтты. Ага жолугушууга акыйкатчы келди, бирок ал чыккан жок. Абактын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аракеттердин жыйынтыгында жаран ачкачылыкты токтотту. Буга чейин ал СПИД борборунда текшерүүдөн өтүп турган. Рустам Б.  ВИЧ илдетине чалдыккан болуусу мүмкүн », - деп маалымдашты кызматтан.

Эң көп окулган жаңылыктар