11:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте коомдук транспорт айдоочулары бирдиктүү формага өтөт

Бишкекте коомдук транспорт айдоочулары бирдиктүү формага өтөт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Коомдук транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов билдирди.

«Коюлуп жаткан талапка бардык айдоочулар макул болду. Эми кышкыга жана жайкыга ылайыкташтырылып атайын форма даярдалат», — деди аткаминер.

Айдоочулар Бишкектин символикасы түшүрүлүп, фирманын аты жазылган көк түстөгү чыптамаларды кийет.

«Эскизин фирмалар жана айдоочулар менен бирге иштеп чыктык. Формалар буйрутманын негизинде тигилип, тигүү цехин фирмалар өздөрү тандайт. Бул массалык буйрутма болбойт», — дейт Абдрахим Абдрасилов.

Эң көп окулган жаңылыктар