00:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Шайлоону утурлай Орусияда бюджетте иштегендердин маянасы кескин жогорулады

Жыл башынан бери Орусияда дарыгерлердин, окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин айлыктары бир нече эсеге жогорулады. Бул тууралуу РБК басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Москвадагы Боткин атындагы клиникалык ооруканада маяна эки эсеге өссө, Гельмгольц атындагы көз ооруларын изилдөө институтунун кызматкерлери үч эсе көп айлык ала башташкан. Ошондой эле аймактарда дагы дарыгерлердин эмгек акысы кескин жогорулаган.

Андан тышкары жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын дагы айлыгы көбөйгөн. Москва мамлекеттик университетиндеги активисттердин эсептөөлөрү боюнча, окуу жайдын бүтүндөй илимий жана окутуучу курамы беш эсе көп айлык алышкан.

Москванын экономикалык саясат департаментинен президент Владимир Путиндин «май жарлыктары» аткарылып жатканын билдиришти. 2012-жылы майда Владимир Путин президенттик кызматка киришип жатып, «май жарлыктары» деген аталыш менен белгилүү болгон 11 документке кол койгон. Алар орусиялыктардын жашоосун жакшыртууга, анын ичинде мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көбөйтүүгө багытталган. Өткөн жылы декабрдагы маалымат жыйында Путин ал жарлыктар 94 пайызга аткарылганын билдирген.

Росстаттын маалыматына караганда, январга карата Орусия боюнча дарыгерлердин орточо айлыгы 28% (72 рублге чейин), илимий кызматкерлердики 37% (87 миң рублге чейин), жогорку окуу жайлардын окутуучуларыныкы 21% (77 миң рублге чейин) жогорулаган.

Эң көп окулган жаңылыктар