19:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда бир жумада 334 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда өткөн жумада 23 миң 567 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дагы 223 миң 567 айдоочу административдик тартип бузгандыгы аныкталган. Алардын ичинен 334 айдоочу ичимдик ичип алып унаа башкаргандыгы үчүн кармалган. Тиешелүү документи жок унаа айдап жүргөндөрдүн саны

477ге жеткен. Жогорулатылган ылдамдык менен айдаган 3 миң 377 жаранга протокол түзүлгөн. Жол белги талаптарын аткарбагандардын саны 4 миң 448 адамды түзсө, коопсуздук курун тагынбагандардын саны 5 миң 34 айдоочуну түзгөн.

Бардыгы болуп 1 миң 134 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар