22:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

«Биз айлык маселесинен улам иш таштап жатабыз. Көчөдөгү бардык каттамдар токтоп, паркка чогулуп жатат. Биздин көйгөйүбүз көп», — деди айдоочулардын бири Светлана Тургунбаева.

«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, айдоочулар менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолукту. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирди. Анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишти.

10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтып жатышат.

Буга чейин Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын «Азаттыкка» билдирген. Ал «жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык дагы караларын» билдирген.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, «Тулпар», Visa, «Элкарт» жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар