18:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тогуз-Торо тургундары 10-мартта кайра митингге чыгат

Тогуз-Торо тургундары 10-мартта кайра митингге чыгат. Бул тууралуу алар бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Район тургундары «Макмал алтын» заводунун аймагында курулган жаңы алтын иргеп чыгуучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылышууда.

Алардын айтымында, бул фабрика экологияга жана жашоочулардын ден-соолугуна зыян алып келет.

«Азыр эле бизде аксакалдар 60тан ашык жашабайт. Күнүнө 3-4 киши өлүп жатат. Көпчүлүгү рак жана инсульттан каза болууда. Балдар ай күнүнө жетпей, же майып болуп төрөлүүдө. Ансыз деле 33 жылдан бери иштеген комбинат бар. Дагы бир фабрика район тургундарынын кырылышына гана алып келет» — дейт ал.

Район тургундары буга чейин дагы алтын чайкоочу фабриканын жабылышын талап кылып эки жолу митингге чыгышкан. 10-мартта алар фабрика бузуп, же күйгүзүп жок кыларын айтышууда.

Эскерте кетсек, фабриканы «Жи Эл Макмал девелопинг» кытайлык ишкана курууда.

Эң көп окулган жаңылыктар