18:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тогуз-Тородон кайра митинг. Алтын иштетүүчү фабриканын жабылышын талап кылышууда

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургундары кайрадан алтын иштетүүчү фабриканын курулушуна каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу «24.kg» сайтына жеке булактар маалымдады.

Маалыматка ылайык, жүзгө чукул жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын аймагына барып, тосмолорун талкалап салган.

Жергиликтүү тургундар экинчи жолу каршылык акциясына чыгууда. Биринчи жолку каршылык акциясынан соң алтын иштетүүчү компаниянын курулуш иштери токтогон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, курулуш иштери экологияга терс таасирин тийгизүүдө.

«Кыргызалтын» «Макмалалтындын» аймагындагы жер тилкесин ижарага берүү тууралуу «Куранды девелопинг» ишканасы менен келишим түзгөн. Келишимдин негизинде алтынды кайра иштенүүчү жаңы фабрика куруу пландалууда. «Куранды девелопинг» компаниясы менен кытай ишкери Ян Вэйхун «Джи Эл Макмал девелопинг» ишканасын негиздеп, алар Тогуз-Тородо алтын иштетүү фабрикасын куруу иштерин башташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар