09:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Премьер-министр президенттен Нурбек Абаскановду кызматтан алууну суранууда

Премьер-министр Сапар Исаков Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисин кызматтан алуу сунушун мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жолдоду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Исаковдун тапшырмасы боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановдун Мамлекеттик байланыш агенттигинин (МБА) лицензиялык комиссиясы тарабынан лицензияны уюштуруучуларынын курамына комитет башчысы кирген фирмага лицензия берүү фактысы боюнча ишмердүүлүгүнө кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын өкмөткө сунушталган жыйынтыгынын негизинде Нурбек Абаскановду кызматтан алуу чечими чыгарылды», — деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар