Ош шаарында 2 жашар баланы ууна тебелеп кетти. Наристе кырсык катталган жерден жан берди. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык, 1-мартта болжол менен саат 15.00 чамасында катталган. 20 жаштагы айдоочунун токтоп турган уунасы жайынан жылып кетип, 2 жашар баласынын тебелеп кетти.
Каза болгон бала айдоочунун уулу экендиги аныкталды. Ата- энеси баланы ооруканага алып келгенде, дарыгерлер анын каза болгондугун айтышкан.

