12:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казакстан депутат Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстанга өткөрүп бербейт

Казакстандын башкы прокуратурасы Кыргызстанга жооп берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл орган билдирет.

Маалыматка караганда, коңшу өлкө 15-16-февраль күндөрү аткезчилик боюнча иш-чара жүрүп, анын алкагында 29 шектүү кармалганын, анын үчөө Кыргызстандын жараны экендигин белгилейт.

Казакстандын башкы прокуратурасы тиндүү учурунда ири өлчөмдөгү акча, зер буюмдар, бухгалтердик документтер, бажы декларациялары жана эки мыйзамсыз жүк алынганын билдирет.

Тергөө иши Башкы прокурордун көзөмөлүндө жүрүп жатат жана депутатты Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси каралбайт.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алма-Атада эки айга камакка алынды. Анын Казакстандын жараны экендиги белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби