05:19
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев Казакстандагы митингде Аблязовго жардам бермекчи болгон

Алмазбек Атамбаев Казакстандагы митингде казак оппозиционерине жардам бермекчи болгон. Бул тууралуу казак оппозиционери Муктар Аблязов билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда митинг жана төңкөрүш жасоо аракети көп жылдан бери талкууланган.

«Мен Казакстанга келүү жолун Кыргызстандын түрмөдө олтурган президенти Алмазбек Атамбаев аркылуу талкуулаганмын. Мен Кыргызстанга атайын борт менен учуп бармакмын. Анан алар мени вертолет менен Казакстанга жеткирмек», — дейт Муктар Аблязов.

Белгилей кетсек, Казакстанда 2-январда митингдер башталып, 4-5-январда Алмата элдик толкун күч менен басылды. Өлкөдө тартип орнотуу үчүн казак президенти Касым-Жоомарт Токаев ЖККУга кайрылып, чет элдик аскерлерди киргизди.

Эң көп окулган жаңылыктар