23:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казак бийлиги өлкө жетекчилеринин телефону тыңшалган деген маалымат боюнча түшүн

Казакстанда президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Даурен Абаев Pegasus тыңчылык программасы менен казакстандык журналисттердин, укук коргоочулардын жана бийлик өкүлдөрүнүн телефондору тыңшалганы жөнүндөгү маалымат боюнча билдирүү жасады.

«Так белгисиз болуп жаткан нерсе жөнүндө айтуу кыйын. Бизге интрига жараткан, бирок эч кандай далили жок маалыматты берип, ага ишенгиле деп жатышат. Мындай айтканда бул тизмеге каалаган кишини кошуп, күмөндүү ойлорду жаратып коюуга болот. Биз акылдуу скептицизм принцибин карманышыбыз керек деп ойлойм. Башка эч нерсе айта албайм», — деди Абаев.

Буга чейин казак өкмөтү өлкө жетекчилеринин, журналисттердин жана активисттердин телефондорун бузуп кирүү үчүн тыңчылык программасы колдонулганы тууралуу билдирүүлөрдү «сандырактык» деп атаган.

18-июлда Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшалган болушу мүмкүн делген бир катар мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин ысымдарын жарыялаган. Анда Казакстан боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун телефон номурлары каттоого алынганы белгиленген. Алардын арасында президент Касым-Жомарт Токаевдин, премьер-министр Аскар Маминдин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевдин да номурлары болгон.

OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону Казакстан өзү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Алгач бул тизмеде казакстандык эки журналисттин жана үч коомдук ишмердин, ошондой эле чет элдик эки кишинин телефон номуру бар экени кабарланган.

Сөз эркиндигин коргогон «Адил сөз» уюму менен Казакстандын журналисттер бирлиги бийликти ачык иликтөө жүргүзүүгө жана бул программа аркылуу телефондору тыңшалганы айтылган бардык казакстандыктардын аты-жөнүн жарыялоого чакырышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума