15:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Апрель айынана баштап мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат

Апрель айынана баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык 1-марттан тарта мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинен билими текшерилүүгө алынып баштайт.

«Ал үчүн атайын тапшырмалар түзүлдү. «Кыргызтест» аркылуу сынак тапшырышат. Аймактагы кызматкерлер дагы он-лайн тестти тапшыруудан өтөт» -деди ал.

Мамлекеттик кадр кызматынын билдирүүсүндө, бул сынактын жыйынтыгы боюнча эч бир кызматкерге чара көрүлбөйт. Анткени, мыйзам боюнча 2019-жылдын 1-январынан тарта гана мамлекеттик тилден аттестация жүрөт. Ага чейин кадр кызматы аткаминерлерге тилди үйрөтөт.

«Бул алдын-ала сыноо болуп саналат. Андыктан биз тесттен аз балл алгандарды кайра окутабыз. Кадр кызматы үч жылдан бери 900 аткаминерди окутуп чыкты. Негизи мамлекеттик кызматкер ээлеген кызмаытна жараша тилди билүүсү абзел» — дейт мамлекеттик кадр кызматынын орун басары Калыбек Алышпаев.

Тил сынагынан саясый кызматтагы аткаминерлер гана бошотулган.

«Бул премьер-министр, министрлер, комиссия жана комитет башчылары, мэрлер жана облус жетекчилери. Алар мыйзам боюнча ансыз деле мамлекеттик тилди билиши керек» — дейт Калыбек Алышпаев.

Эң көп окулган жаңылыктар