16:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

1-январдан тарта сүйүнчү бериле баштады

Кыргызстанда 1-январдан тарта сүйүнчү бериле баштады. Ар бир балага 4 миң сомдон, тоолуу аймактарда төрөлгөн балдарга 6 миң сом берилет.

Акчаны алуу үчүн бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту, жашаган жеринен маалымдама алып келиши шарт. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, жаңы-жыл түнү эле өлкө боюнча 311 бала жарык дүйнөгө келди. Демек алардын баарына мамлекеттик бюджеттен 1,2 миллион сом бөлүнүшү керек.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков «Жөлөк пул» тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүгө кол койду. Ага ылайык сүйүнчү гана күчүндө калып, ар бир балага жөлөк пул берүү апрелге чейин жылдырылды.  

Эң көп окулган жаңылыктар