08:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мамлекеттик жөлөк пул» боюнча жаңы мыйзамдын аткаруу мөөнөтү жылдырылат

Өкмөт «Мамлекеттик жөлөк пул» жаңы мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 1-апрелге чейин жылдырууну сунуштоодо. Бул боюнча мыйзам долбоор парламенттин кароосуна сунушталды.

Өкмөт ар төрөлгөн балага 4 миң сом сүйүнчүнү 1-январдан тарта берүүгө даяр.Негизинен 3 жашка чейин жана 3 баладан тарта жөлөк пулду төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушталат.

Кечээ парламентте аталган мыйзамды 1-сентябрга чейин жылдыруу зарылдыгы айтылды.

Эскерте кетсек, 1-январдан тарта «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мурдакы мыйзам күчүн жоготуп, жаңысы күчүнө кирмек. Ага ылайык мамлекеттен колдоо үй-бүлөлүк кирешесине карата эмес, баласынын санына жараша бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар