12:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кино анонс. Биринчи мюзикл, кайра эле «Бажарики» жана Нурлан Насиптин окуясы

«Кечээ. Бүгүн. Эртең» 

Драманы буга чейин кыргыз кино дүйнөсүнө белгисиз режиссер Гүлнара Эшалиева тарткан. Кинодо жети жашар Замирдин тагдыры сүрөттөлөт. Ал уурулуктун айынан түрмөгө түшүп калган атасына окшош эместигин далилдөө үчүн чарбагындагы помидор, жүзүмдү сатып ак эмгеги менен жан багууга аракеттенет. Жалгыз калган балага коңшу кемпир жардам берип, мээримин төгүп, баш көз болот. Атасы абактан чыгып, баланы чоң апасындай жакын болуп калган аял менен ажыратып, бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылат.

Тасмага Жыргалбек Жолдошев, Алмаз Сейитканов, Назира Мырзабаева, Динара Тилекеева, Темирлан Жапаров катышты.

«Тайланддагы эс алуу»

Казак режиссеру Ален Ниязбековдун комедиясы Синематика тармагында көрсөтүлүүдө. Ага кыргызстандык модель-актриса Мадина жана Медина Талипбековалар катышты. Комедияда агайдын студенттери менен чогуу кабылган окуяларын баяндайт.

«Дарак ыры»

Кыргызстандагы алгачкы мюзикл бул жылдын башкы окуясы боло тургандай. Ага мыкты Кыргызстандын, Казакстандын актерлору катышты. Режиссер Айбек Дайырбековдун айтымында, 19-кылымдын аягындагы Нарын облусунда болгон окуя сүрөттөлөт. Эки жигиттин бир кызга ашыктык жарышы сюжеттин негизин түзөт.

Кино тартуу үчүн 220 кийим даярдалып, ырларын жаздырууга үч ай убакыт коротулду. Айтмакчы, тасмага ырчылар дагы тартылган.

Тасма 1-марттан баштап элге сунушталат. Саундергин белгилүү ырчылар Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева аткарды. Режиссер чыгармасын бир нече эл аралык фестивалга дагы алып барууга даярданууда.

«Браво −2»

Нурлан Насип менен продюссеринин ортосундагы окуяларды чагылдырган тасманын уландысы көрсөтүлүүдө. Бул жолу ырчынын продюссери Нурмат Садыров менен жолугуп, аны дагы жылдыз кылууга аракет кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар