22:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент баткендиктерди жемкорлук менен күрөшүүгө жардамга чакырды

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Исфана шаарында Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушту.

Президент Лейлек — даңазалуу, касиеттүү жер, райондун тарыхы өтө терең экенин, бул аймактан Кыргызстандын өнүгүшүнө жана мамлекет катары калыптанышына баа жеткис салым кошкон эчен легендарлуу адамдар, мыкты инсандар, өнөр залкарлары чыкканын белгиледи.

«Алардын арасынан кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырып, өлкөбүздү бийик деңгээлге көтөргөн Исхак Раззаковду жогорку урмат, өзгөчө бийик сый менен атап келебиз. Менин да турмушта ыйык туткан идеалым — Исхак Раззаков. Анын «Мен таза болсом, сен таза болсоң, биз таза болсок, коом да таза болот» деген улуу сөзү биздин азыркы турмушубуздун башкы принциби болушу керек», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, аны менен бирге өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи.

«Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз», — деди Президент жолугушуунун катышуучуларына кайрылып.

Ал ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон сапарлары тууралуу айтып берди.

«Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш», — деп белгиледи Президент.

Эң көп окулган жаңылыктар