00:22
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган ууна күйүп кетти

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган ууна дарыяга түшүп, күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Жол кырсыгы жолдун 238 чакырымында болду. Унаадагы 25 тонна май болгон. Жабыркаган эки киши Токтогул райондук ооруканага жеткирилди.

Эскерте кетсек, 20-январь күнү эле дагы бир күйүүчү май ташыган ууна дарыяга оодарылып кеткен. Андагы 38 тонна май сууга куюлуп, жергиликтүү балык чарбасы ири чыгымга дуушар болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар