10:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаков Кадамжай районунда жаңы мектептин ачылышына катышат

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ал өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы. Андан тышкары, өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби