USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бир жылда 66 даарыгер башка өлкөгө иштөөгө чыгып кеткен

17:05, 09 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы 66 даарыгер башка өлкөгө иштөөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү кеңешмесинде айтылды. 

Жалпысынан өткөн жылы 1 574 даарыгер жана 4227 мээрбан кызматтан кеткен. Алардан 66 даарыгер жана 114 мээрбан чет өлкөгө кеткен.  Көбүнчө Бишкек жана Ош шаарындагы медициналык кызматкерлер башка өлкөгө иштөө үчүн жумуштан бошонушкан. 

Эне жана баланын саламаттыгын коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаевдин айтымында, адистердин жумуштан кетишине айлык акынын аздыгы жана башка жеңилдиктердин жоктугу себеп болууда. 

"Саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн бир да үй курула элек. Кызматкерлерди батир маселесин эптеп чеккенге өзүбүз аракет кылабыз. Албетте анан алар чет өлкөгө чыгып кетишет" - дейт ал. 

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика