20:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген даарыгер камоого алынды

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген даарыгер Кемин райондук милициясынын убактылуу кармоочу жерине камалды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Орловка шаарынын Жалпы даарыгерлик тажрыйба борборунун терапевтине зордуктоо айыбы менен иш козголгон. Кыздын апасынын айтымында, даарыгер кызды убактылуу шал кылган укол сайып, зордуктаган.

Жаза кодексинин 133-беренеси менен (бузукучулук кадамдар) менен козголуп, зордуктоо болгондугу аныкталса, берене өзгөртүлөрү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар