09:10
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чынара Дүйшенова: Акчалуу, билимдүү аялдар дагы ракка жеткиргенче жүрө берет

Фото Чынара Дүйшенова

Чынара Дүйшенова акыркы жылдары инстаграм колдонуучулардын жакын досуна айланды. Анын аккаунтуна 26 миңден ашык киши жазылган.

Анын баракчасында бойго бүтүрбөй сактануу, жыныстык органдардын тазалыгы, үй-бүлөнү пландоо жана уулду болуу жөнүндө кызуу талкуу жүрүп турат.

Гинеколог айымдарга сырттан гана эмес, ичтен да сулуу таза болууга умтулуу, кычышып жатса,  же презерватив жок болгондо эмне кылуу керектигин жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берүүгө аракеттенет.

Жаштардын жыныстык катнаш боюнча сабаттуулугун көтөрүү демилгесин колго алган Чынара Дүйшенова менен 24.kg агенттиги даарыгерге социалдык тармактын зарылчылдыгы жөнүндө маек курду.

— Чынара, instagram тармагында гана эмес Facebook баракчаңыз дагы бар. Блогер менен социалдык тармак аркылуу кеп-кеңеш берүүгө эмне түрткү болду?

— Социалдык тармакта баракча ачуу боюнча мурда эле жеке менчик клиникада иштегенде жетекчиме сунуштап келгенмин. Биздин жумуш жөнүндө айтып, байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болорун айтканмын. Бирок, менин сөзүм олуттуу кабыл алынбай, тамаша катары күлүп кала бергенбиз.

Клиникадан кеткенден кийин өзүмдүн жеке бөлмөмдү ачууну чечтим. Ошондо мага социалдык тармак керектигин, ойлогон оюмду эми ишке ашыра аларымды түшүндүм. Болбосо, мен бул жерде өзунчө акылдуу болуп, бейтаптарды күтүп олтурганымды ким билмек эле?

Алгач Facebook, анан instagram менен тааныштым. Тартынып алгач аты-жөнүмдү ачык жазган жокмун. Баракчама «Аялдар дарыгери» деп гана ат койдум.

 Баракчаңызга катталгандардын саны дароо эле көбөйдүбү?

— Жок, аз эле киши мага катталды. Анткени баракчам эптемей, башка instagram колдонуучулардын алдында өтө эле көрксүз болчу.

Бир күн instagram сырларын үйрөтүү боюнча сунушту көрүп калдым. Ал балдардын атайын курсуна барып көп нерсени билип, кызыктуу пост жазып, суроолорго жооп берип, кыскасы баракчамдын көркү ачылгандай болду. Анан уялбай аты-жөнүмдү да белгилеп койдум.

Айтмакчы, ал балдардан кийин аялдардын кийимин саткан дүкөн да ачып алдым.

Акырындап видео-блог жасаганды өздөштүрдүм.

Башында кантип тартыш керек, анын кимге кереги бар деп ойлонот болчумун. Эми видео социалдык тармактын колдонуучуларына өз оюнду жеткирүүнүн таасирлүү жолу деп эсептейм.

— Facebook менен instagram колдонуучуларынын суроолору айырмаланабы?

— Facebook баракчама көбүнчө олуттуу суроолор берилет. Бирок, ошол эле учурда instagram тармагынан дагы чоң эле аялдар кайрылышат.

Эң көп берилген суроо — кантип бойго бүтүрбөй сактана алам? Жыныстык канташ учурунда сактануучу каражаттар жок болсо, эмне кылам? Айымдарды так ушул суроолор түйшөлтөт. Анткени, эркектер презерватив колдонгусу келбейт, кыздар болсо андан башка ыкманы билишпейт.

Чынара Дүйшенова

Азыркы жаштар интернетти колдонгонду билгени менен контрацепциянын түрү бар экенин билишпейт.

— Эрте бойго бүтүү боюнча айтсаңызы, жаш кыздар арасында аборт жасоо сунушу менен келгендер көппү?

— Мен жашы жете элек кыздар менен иштебейм. Андыктан алар кандай кайрылуу менен келсе да кабыл албайм. Келишет, бирок, башка жерге кайрылуусун суранам. Анүстүнө мен аборт жасабайм. Боюнан алдыргысы келген айымдарга таблеткалар менен гана жардам бере алам.

Ал эми 18ге толгон жаштар боюнча айтсам, алар бир аз олуттуу жана сабаттуу. Менин байкоомдо шаарда "секс-бум" маалы өттү. Жаштар жыныстык катнашка талдап, тандап барып калышты.

Бир убакта баардык эле медициналык борборлордо гименопластика (кыздык белгинүү тигүү операциясы — 24.kg) боюнча жарыя илинип турчу. Шаарда элдин баары эле тынымсыз кыздыгын тиктирип жаткандай сезилчү.

Чынара Дүйшенова

Азыр андай суроо-талап жоголду. Кыздар өздөрүнүн намысына кылдат мамиле жасап калышты. Мисалы, мага турмушка чыгаар алдында кыздар келип, анализдерди тапшырып, саламаттыгын билип кетишет. Алардын өзүнө, тазалыгына болгон мындай мамилеси кубандырат.

— Өлкө аялдарында эң көп кездешкен оору кайсы?

— Суук тийүү. Тилекке каршы, аялдардын баары эле өз саламаттыгын ойлой бербейт. Эми түшүнөм, биз энебиз, бирөөнүн жарыбыз, кыскасы милдеттерибиз көп. Бирок, убагында байкабай, көз жумуп койсо аялдын ден-соолугу оор жыйынтыкка кептелет. Жылына бир жолу келип, УЗИден өтүп, анализдерди тапшырып койсо болот.

Эч бир оорусу жок болсо дагы такай даарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турган айымдар дагы бар. Алар азчылык. Өзүбүздүн ден-соолуктан акча, убакыт аябасак. Кээде акчалуу, билимдүү эле аялдар дагы оор илдетке жеткиргенче жүрө беришет.

«Эч жерим ооруган жок» дешет. Оорудубу, демек сиз бир чоң илдетке кабылдыңыз.

Бир жолу 54 жаштагы аял келди. Жакшы жерде иштеген интеллегент аял экени көрүнүп турат. Олтургучка чыгарып көрүп эле илдетин түшүндүм. Эч нерсе айтпай, онкологиялык борборго барып, кольпоскопияга түшүп келүүсүн сурандым.

Ал матканын шишигинин оор стадиясына жеткен болчу. Көрсө акыркы жолу гинекологго 10 жыл мурда кайрылыптыр. Кантип ушундай билимдүү аял ракка жеткиргенин түшүнө албай койдум.

Чынара Дуйшенова

Кудай жалгап, ал аял тирүү. Шишикти жеңип, айыгып кетти. Аны мага жакында эле кызы келип айтып берди.

Ал эми 25 жашка чейинкилердин көпчүлүгүнүн жыныстык органдарына суук тийген, ар кандай инфекциялары бар. Анын бир себеби — презерватив колдонушпайт. Мисалы, мага келген бейтаптардын арасында такай презерватив колдогондору бар, мен аларды «мыктылар» деп коем, эч кандай оорусу жок.

Эң көп окулган жаңылыктар