12:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мелис Турганбаев: Президенттин кескин сынынан кийин отставкалар күтүлөт

«Президент Сооронбай Жээнбековдун Копсуздук кеңешиндеги сөзүнөн кийин айрым жетекчилердин отставкасы күтүлөт» — деп билдирди мурдакы ички иштер министри Мелис Турганбаев «24.kg» агенттигине.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кечээ Коопсуздук кеңештин жыйынында ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура, Жаза аткаруу кызматы, фискалдык органдарды жана сот бийлигин сынга алды. Ал ар бир тармактагы статистикага топтолуп, кемчиликтерин белгиледи. Президенттин айтымында, бул органдар жемкорлукка белчесинен баткандыктан, жемкорлук менен күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат.

Мелис Турганбаевдын айтымында, укук коргоо органдары реформага муктаж. 

«Алар кечээгидей иштей албайт. Өзгөрүү керек. Президенттин мындай сынынан кийин айрым жетекчилер иште алынып, кадрдык өзгөрүүлөр күтүлөт», — дейт Мелис Турганбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби