18:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент генералдарды жан сакчылардан арылууга чакырды

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда биринчи жолу Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Өлкө башчысы өз сөзүндө укук коргоо органдарынын жетекчилери жан сакчы менен жүргөнүнө таң калуусун билдирди.

«Элди коргой турган силерсиңер. Анан өзүңөр эмнеге жан сакчы менен жүрөсүңөр? Облустук деңгээлдеги орган жетекчилерине чейин жан сакчы менен жүрүшөт. Ачык, так иштегиле ошондо коркунуч болбойт» — деди ал.

Президент жан сакчыдан тышкары, унааларын коштоп жүргөн машиналардан да баш тартууга чакырды.

«Премьер-министр менен спикер дагы Жол коопсуздугу боюнча кызматтын коштоп жүрүүсүнөн баш тартышты. Кээ бир мамлекеттик унааларга башка номурларды чаптап аласыңар. Аны менен албетте жол эрежесин бузууларды жашырууга аракет кылышат. Мамлекеттик гана номер менен жүрүш керек» — деди президент.

Аны мене бирге өлкө башчысы атайын органдардын жетекчилерин форма кийүүгө чакырды.

«Бул албетте майда иш, бирок, маанилүү. Форма кийген киши жоопкерчиликти сезет. Ошол тармакты жетектегенден кийин форма кийиш керек» — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар