10:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов (Дөө) кайра түрмөгө камалды

«Дөө» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кайра абакка кайтарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, Чыңгыз Жумагулов бүгүн № 3 түрмөгө кайра киргизилди. 17-январь күнү мөөнөтүнөн мурда шарттуу азаттыкка чыккан кримтөбөлдүн эмнеге кайра камалганы такталбайт.

Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүм 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган. Бишкек шаардык соту анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Бул иш Жогорку Сотто каралып, Жумагулов жети жылга абакка кесилген болчу.

Кримтөбөлдүн мөөнөтүнөн эрте бошотулушу коомдо кызуу талкуу жаратты. 

2017-жылы Алтынбек Ибраимов, Кадыр Досонов баш болгон бир катар уюшулган топтун мүчөлөрү бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар