Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Депутат жандандыруу бөлүмүндө жатат.
«Ал так сүйлөй алат, бирок, токтотулуп-токтотулуп. Эки жолу алган инсульттун кесепети дагы бар. Азыркы абалы стресс жана сахар диабетине дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Эч нерсени божомолдой албайбыз», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев өткөн жумада ИИМде кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы боюнча сурактан кийин ооруканага түшкөн.
Азиз Батукаев бошотулган жылы Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Анын жардамчысы кримтөбөлдү учакка чейин коштоп барган.